Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата кайрымдуулук фонддордун өкүлдөрү сыйланды
Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкеринин күнүнө карата 4-июлда саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кесипкөйлүгү үчүн бир катар кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрүнө Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук сыйлыктары ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Сыйлыктарды саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тапшырып, өлкөдөгү медициналык жардамды жакшыртуу багытындагы көп жылдык колдоосу жана активдүү катышуусу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
«Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен төмөнкү кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү сыйланышты:
- Резаханова Зумрият Рамазановна — «Зита жана Гита Резахановдор» коомдук фондунун директору;
- Мальсагов Ибрагим Алиевич — «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;
- Ли Чжонгже — «Милал жүрөк» коомдук фондунун президенти;
- Ли Сынгчжон — «Милал жүрөк» фондунун кызматкери;
- Чой Мин Геон — «Милал жүрөк» фондунун кызматкери.
Министр өз сөзүндө өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор менен натыйжалуу өнөктөштүк өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойной турганын белгиледи: «
Биз сиздердин чын ниеттен көрсөтүлгөн колдооңуздарды, демилгечилдигиңиздерди жана күнүмдүк ишиңиздер аркылуу медициналык жардамды элге жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуудагы салымыңызды жогору баалайбыз», — деди Эркин Чечейбаев.
Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана башка медициналык уюмдардын бир катар кызматкерлерине министрликтин жана башка мамлекеттик органдардын ведомстволук сыйлыктары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Эске сала кетсек, быйыл Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата республика боюнча 486 медицина кызматкери «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгисине, дагы 401 дарыгер жана медициналык кызматкер Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болушкан.
