Нарында үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды
16 октябрь

Нарында үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды

Нарын шаарында бүгүн, 16-октябрда Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Курулуш иштери «Ас-Сафа борбору» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланат.

Долбоордун алкагында жер төлөсү бар төрт кабаттуу имарат курулуп, заманбап эмерек жана медициналык жабдуулар менен толук жабдылат. Жаңы борбор Нарын шаарынын жана районунун тургундары үчүн баштапкы медициналык санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мезгил кутусун салуу аземине саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу, «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов жана Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров катышты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө, баштапкы медициналык санитардык жардамдын өнүгүүсү саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Нарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын курулушу региондогу медициналык инфраструктураны бекемдөөгө жана калк үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган маанилүү кадам. Дарыгерлер менен бейтаптар үчүн шарттарды жакшыртууга көмөк көрсөткөн өнөктөштөргө жана кайрымдуулук уюмдарына ыраазычылык билдиребиз», — деди саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.

Учурдагы үй-бүлөлүк медицина борбору 1968-жылы курулуп, көп жылдар бою Нарын шаары менен район калкына медициналык кызмат көрсөтүп келген. Бирок азыркы учурда имарат тар болуп, заманбап талаптарга жооп бербей калган.

Ошондуктан КР Саламаттык сактоо министрлиги президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте «Ас-Сафа борбору» кайрымдуулук фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында жаңы заманбап медициналык комплекстин курулушу боюнча эки тараптуу келишимге жетишкен.


Маалымат үчүн:

Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору Нарын шаарынын жана Нарын районунун 91 533 тургунун тейлейт.

Алардын ичинен 14 жашка чейинки 28 711 бала, анын ичинде 5 жашка чейинки 8 623 бала жана 1 жашка чейинки 1 056 ымыркай бар.

Аялдардын жалпы саны — 46 112, алардын 18 637си (40,4%) төрөт курагындагы аялдар.

2025-жылдын 9 айында борбордо 101 654 амбулатордук кабыл алуу жүргүзүлгөн.