Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жаңы айылдык милиция бөлүмү ачылды
Бүгүн, 2025-жылдын 2-апрель күнү Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жаңы айылдык милиция бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Джетигенов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов жана башка кызматкерлер катышты.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө, жаңы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ачылышы калкка кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатууга, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө жана тургундардын коопсуздугун камсыздоого маанилүү кадам экенин белгиледи.
Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов да өз сөздөрүндө бул долбоордун маанилүүлүгүн жана элге кызмат көрсөтүүдө көрүлгөн күч-аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.
Жаңы имараттын ачылышы калкка жогорку сапаттагы сервистик тейлөө көрсөтүү жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталууда. Милициянын кызматкерлерине заманбап жабдуулар жана кеңсе үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп, эл менен түз байланышта болууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, аталган жаңы имарат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланып, «100 жылдыкка – 100 имарат» долбоорунун алкагында курулду.
