17 жаштагы Айсулуунун өлүмү: Шектүүгө карата сот чечими өзгөрүүсүз калганда, ал 2027-жылы эркиндикке чыкмак
16 октябрь

17 жаштагы Айсулуунун өлүмү: Шектүүгө карата сот чечими өзгөрүүсүз калганда, ал 2027-жылы эркиндикке чыкмак

17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектелип кармалган Кумарбек Абдыровдун буга чейинки кылмыштары тууралуу маалыматтар чыгып жатат.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун айтымына караганда, анын аракети менен 6 кылмыш боюнча маалыматтар чогулган.

"Төрт кыз өлтүрүлгөн, бир кызды арматура менен башына чаап тоноп кеткен. 1 кызды зордуктоого аракет кылып, андан соң колун байлап, башын таш менен жанчып, өлтүрүм деп ойлогондон кийин каналга таштап салган. Бактыга жараша кыз аман калып, бул кылмыштын алкагында Кумарбек Абдыров кармалган", - деди ал. 

Орунбековдун маалыматына караганда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту ишти карап чыгып, шектүү Кумарбек Абдыровду адам өлтүрүү аракети боюнча күнөлүү деп таап, күчөтүлгөн режимде 12 жылга эркинен ажыраткан.

"Кийин, 2016-жылдын 11-февралында Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы Октябрь райондук соттун чечимин өзгөртүшкөн. Башкача айтканда, адам өлтүрүүгө айыпталып 12 жылга соттолгон кылмышкерди, адам өлтүрүүгө аракет кылган эмес, тоноого аракет жасаган деп таап, 12 жылдык жаза мөөнөтүн 7 жылга кыскартышкан.

ЭлТР телеканалы жарыялаган маалыматтан кийин, Кумарбек Абдыровдун жазасын жеңилдеткен 3 соттун бири Кайсын Абакиров фейсбук социалдык байланыш тармагына өзүнүн пикирин жарыялаган. Анда, “резонанс жараткан К. Дүйшөбаеванын өлүмү, 2015-жылга чейин болгон”-деп жазган.

Мындай билдирүүсү менен, Кумарбек Абдыровдун башка кыздарды өлтүргөн аракеттерине моралдык жоопкерчилигим жок дегендей оюн бөлүшкөн.

2015-жылы жасаган кылмышы боюнча 12 жыл жаза мөөнөтүн алган Кумарбек Абдыров боюнча сот чечими өзгөрүүсүз калганда, ал 2027-жылы эркиндикке чыкмак", - деди ал.