Кыргызстан Тунис жана Сенегал менен эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады
Кыргызстан Тунис жана Сенегал менен эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, 7-мартта Жидда шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз сессиясынын алкагында Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Тунис Республикасынын Тышкы иштер, миграция жана чет өлкөдөгү тунистик жарандар боюнча министри Мохамед Али Нафти жана Сенегал Республикасынын тышкы иштер министри Яссин Фаль менен жолугушту.
Жолугушуулардын жүрүшүндө эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланды. Тараптар саясий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү келечегине, анын ичинде жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурду.
Элчи Марипов маектештерине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер ведомствосунун башчысынын саламын жолдоп, өлкөнүн эл аралык аренадагы артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди, ошондой эле өлкө жетекчилиги тарабынан Тунис жана Сенегал президенттерине арналган расмий каттарды тапшырды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
