Кадамжайда 30 миң сом опузалоого шектелген жаран кармалды
Кадамжайда опузалап акча талап кылган шектүү кармалды, деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Таш-Коргон айылынын 50 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2026-жылдын 28-февралда саат 10:00 чамасында өзүнө тиешелүү ок атуучу куралы менен Майдан айыл аймагына караштуу Пум айылына мергенчиликке барганын билдирген.
Арыз ээсинин маалыматына ылайык, ошол жерден бейтааныш жаран жолугуп, анын ок атуучу куралын тартып алып, акча берсе гана кайтарып берерин айтып опузалап талап кылган.
Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, Пум айылынын 43 жаштагы тургуну А.У. аттуу жаран арыздануучунун сайлуу ок атуучу куралынын затворун тартып алып, 30 000 (отуз миң) сом акча талап кылып, болбосо тиешелүү кызматтарга кайрыларын айтып коркуткан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында А.У. аттуу жаран Кадамжай РИИБдин Уч-Коргон милициясынын аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
