Ош ОИИБ: «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасында Жеке күзөт ишмердигин жүргүзгөн уюмдардан 48 курал алынды
4 июль

Ош ОИИБ: «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасында Жеке күзөт ишмердигин жүргүзгөн уюмдардан 48 курал алынды

Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 6-июнунан 27-июнуна чейин «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Анын алкагында облус аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Жеке күзөт уюмдардын кызмат өтөөсү, курал жарак жана жардыруучу затарды сактоо эрежелери текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 135-беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, аларга карата 66 000 сом айып пул салынды.

Андан тышкары Жеке күзөт ишмердигин жүргүзгөн уюмдардан баары болуп 48 даана ок атуучу курал ИИБге алынды. Алардын ичинен:

-12 даана курал сактоо шарттарын бузгандыгы үчүн;
-36 даана курал сактоо шарттары жоктугана байланыштуу (мекеме-ишкана)

Ош облусунун аймагында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.