Күз-кыш мезгилине даярдык: «Чакан ГЭС» объектилеринде алты гидроагрегат оңдолууда
13 август

Күз-кыш мезгилине даярдык: «Чакан ГЭС» объектилеринде алты гидроагрегат оңдолууда

2026-жылга бекитилген оңдоо иштеринин планына ылайык, төрт гидроагрегатта капиталдык оңдоо жүргүзүү каралган. Алар: ГЭС-3түн №1 гидроагрегаты, ГЭС-4түн №1 гидроагрегаты, ГЭС-5тин №2 гидроагрегаты жана ГЭС-6нын №2 гидроагрегаты. Ал эми Быстровка ГЭСинин №2 жана ГЭС-1дин №1 гидроагрегаттарында учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган. Бүгүнкү күндө ГЭС-6нын №2 жана ГЭС-3түн №1 гидроагрегаттарындагы капиталдык оңдоо иштери, ошондой эле Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатындагы орточо оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр жабдууларын жаңылоо иштери да жүргүзүлүүдө. Бекитилген планга ылайык, үч май өчүргүчтү заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштыруу каралган. Учурда алардын экөөсү Аламүдүн ГЭС-1де орнотулду. Жүргүзүлүп жаткан иштер гидроагрегаттардын жана электр жабдууларынын күз-кыш мезгилиндеги жүктөмдөргө даярдыгын камсыз кылууга, жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана электр энергиясын туруктуу өндүрүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: «Чакан ГЭС» ААК 10 гидроэлектр станциясын - Аламүдүн каскадын, Быстровка ГЭСин жана Бала-Саруу ГЭСин бириктирет. Компаниянын станцияларынын жалпы орнотулган кубаттуулугу 63,5 МВт түзөт.