Азирети Муфтий Ван облусунун жетекчилери менен жолугушту
Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Түркиянын Ван облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ван облусунун губернатору Озан Балжы мырза менен жолукту.
Ошондой эле Азирети Муфтий Ван облусунун муфтийи Мехмет Сырры Шыкты зыярат кылды.
Жолугушууларда Азирети Муфтий Ван облусунун Улупамир айылында жашаган этникалык кыргыздарга көрсөтүлүп жаткан жылуу мамиле жана камкордук үчүн тиешелүү жетекчилерге ыраазычылык билдирди.
Мындан сырткары, кыргыз-түрк боордоштук байланыштарын мындан ары да бекемдөө жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышуулар болду
