Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда
23 январь

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда

Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-январь, саат 8:00дө атайын 85 бирдик техника жана ишкананын кызматкерлери иштөөдө.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоого 37 МАЗ базасындагы  кар тазалоочу машина, 10 Шахман КЖМ (комбинацияланган жол техникасы ), 2 фронталдык жүктөгүч, 24 шыпыргы  жана күрөктөрү  менен «Беларус» тракторлору , 4 "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык машинасы жана 4 шыпыргысы бар «Бопкат» катышууда.

Белгилей кетсек, 22-январдан тарта ушул убакытка чейин 767 тонна техникалык туз сарпталды.