Бишкекке көмүр вагондор менен жеткирилүүдө – «Кыргызкөмүр» кышка даярдыкты баштады
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 август

Бишкекке көмүр вагондор менен жеткирилүүдө – «Кыргызкөмүр» кышка даярдыкты баштады

Бишкекти көмүр менен камсыздоо үчүн «Кыргызкөмүр» темир жол аркылуу ташууларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Рустамбек Садыралиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, көмүр вагондор менен Бишкек багытына жеткирилүүдө. Логистикалык чынжырда Балыкчыдагы темир жол инфраструктурасы пайдаланылууда.

Ошондой эле көмүр автоунаа менен да ташылууда. Жеткирүүгө ишкананын техникаларынан тышкары жеке ташуучулар да тартылган.

Садыралиевдин белгилешинче, компаниянын негизги милдети — суук түшкөнгө чейин көмүрдүн зарыл көлөмүн отун базаларына алдын ала жеткирип, кыш мезгилинде калкка үзгүлтүксүз сатылышын камсыз кылуу.

«Кыргызкөмүр» жылытуу сезону башталганга чейин эле көмүр базаларын даярдап, калкка отун жеткирүүнү уюштура баштаган.