«Биздин максат пайда табуу эмес»: «Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси компаниянын негизги милдетин айтты
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 август

«Биздин максат пайда табуу эмес»: «Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси компаниянын негизги милдетин айтты

«Кыргызкөмүр» ААК өзүнүн негизги максаты катары максималдуу пайда табууну көздөбөйт. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Рустамбек Садыралиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ишкананын негизги милдети – керектүү көлөмдө көмүр казып алуу, аны калкка жеткирүү жана кыш мезгилин отун тартыштыгысыз өткөрүүнү камсыз кылуу.

Садыралиев ишкана мамлекеттин менчигинде экенин жана биринчи кезекте социалдык милдетти аткарарын белгиледи.

Ошондуктан отундун баасын аныктоодо компания коммерциялык көрсөткүчтөргө гана эмес, көмүрдүн калк үчүн жеткиликтүүлүгүнө да көңүл бурат.

Ошол эле учурда ишкана көмүр казууга, ачуу иштерине, ташууга, техникаларды кармоого, оңдоого жана күйүүчү майга олуттуу чыгымдарды тартат.