Сүрөт ачык булактардан алынды
13 август
Бишкекте көмүр сатыла баштады – баасы тоннасына 7 миң сомдон ашпашы керек
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда алдыдагы жылытуу мезгилине карата калкка көмүр сатуу башталды. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде «Кыргызкөмүр» ААКнын башкы директору Рустамбек Садыралиев билдирди.
Анын айтымында, көмүр Бишкек жана Чүй облусундагы отун базаларына келе баштады. Борбор калаада көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сомдон ашпашы керек.
Садыралиев Бишкектеги негизги сатуу жайларынын бири Мурманск көчөсүндөгү база экенин белгиледи. Ошондой эле көмүр сатуу Токмок шаарында да уюштурулган.
Компания суук түшкөндө көмүргө болгон ажиотажды болтурбоо максатында калкты камсыздоого алдын ала даярдык көргөн. Ишкана көмүрдү калкка август айынан тарта жеткирүү башталарын буга чейин да билдирген.
