Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду
23 январь

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Далиев Уланбек Эшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.