Чүй облусунда улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголду
2025-жылдын 2-ноябрында Токмок ШИИБне медицина кызматкери агрессивдүү жүрүм-турум көрсөткөн жана ооруканадагы терезени сындырган жаран тууралуу кайрылган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, 1993-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Соттук лингвистикалык экспертизасына ылайык анын айткандары улут аралык кастыкты козуткан мүнөздө экенин аныктаган.
2025-жылдын 6-ноябрында КЖКнин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча дагы кылмыш иши козголуп, сот Ж.А.га 2 айга камак түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.
Тергөө уланууда. Чечим мыйзам чегинде кабыл алынат.
