Бишкекте жаш өспүрүмдөр аралык китеп окуу конкурсу өтүп, 4 жеңүүчү умрага жолдомо утту
19 август

Бишкекте жаш өспүрүмдөр аралык китеп окуу конкурсу өтүп, 4 жеңүүчү умрага жолдомо утту

Бүгүн, 19-август күнү борбор калаадагы «Ыйман» мечитинде «Мен апамды Меккеге алып барам» аттуу жаш өспүрүмдөр аралык китеп окуу конкурсун жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев жана КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов катышты.

«Коомду, айрыкча жаш муунду китеп окууга шыктандырууга багытталган өтө сонун саамалыкка күбө болуп жатабыз. Ушул конкурска салым кошкон бардык тараптарга терең ыраазычылык бидиребиз. Бул сыяктуу агартуу иш-чаралары коомубузду китепкөй, жаштарыбызды ыймандуу кылып тарбиялоого өбөлгө түзмөкчү», – деди Талантбек ажы өз сөзүндө.

«Каусар» апалар жамааты жана «Кайрымдуу жүрөк» фонду менен биргеликте уюштурулган сынакка жалпы 300 дөн ашуун бала катышып, өздөрүн сынашты.

Конкурстун белектери:

1-орун – умра жана кийим;
2-орун – умра жана кийим;
3-орун – умра жана кийим;
4-орун – умра жана кийим;
5-орун – велосипед жана кийим;
6-орун – велосипед жана кийим;
7-орун – велосипед жана кийим;
8-орун – велосипед жана кийим.

Ошондой эле 9-орундан 20-орунга чейин акчалай жана кызыктыруучу белектер каралды.

Айта кетсек, аталган конкурс Айзада Кожоевага таандык «Жакшы балдар пайгамбардан үлгү алат» аттуу китептин негизинде уюштурулган.