2ГИС тиркемеси эми кыргыз тилинде жеткиликтүү
19 август

2ГИС тиркемеси эми кыргыз тилинде жеткиликтүү

Кыргызстанда геосервис 2ГИС мамлекеттик тилде жеткиликтүү болду. Карталарды, уюмдардын каталогун, навигаторду жана башка көптөгөн функцияларды эми кыргыз тилинде колдонсо болот. Орус тили да колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.

2ГИС - бул шаарды кыдырууга, компанияларды, жерлерди жана оптималдуу маршруттарды тандоого жардам берген акысыз мобилдик жана веб-сервис. 

"Тиркеменин интерфейсинде жана функцияларында кыргыз тилин колдоо - бул Кыргызстандын бардык калкы үчүн биздин кызматтарыбыздын жеткиликтүүлүгүн өнүктүрүүдө жана жогорулатууда пландаштырылган маанилүү кадам. Биз өлкөдө ориентацияны жөнөкөй, түшүнүктүү жана бардыгы үчүн ыңгайлуу кылууга аракет кылабыз жана тиркеменин жаңы версиясынын үстүндө чоң шыктануу менен иштедик", - деп белгиледи компания.

Колдонмонун жаңы версиясында:

  • интерфейс толугу менен кыргыз тилине которулган;
  • ишканалар жана уюмдар жөнүндө маалымдама маалымат кыргыз тилинде;
  • навигация, маршруттар жана объект карталары которулган жана ылайыкташтырылган.

Сиз азыр эле кыргыз тилинде 2ГИС колдоно баштасаңыз болот – жөн гана колдонмону жаңыртыңыз (же анын учурдагы версиясын App Store же Google Play'ден жүктөп алыңыз), орнотуулардан тилди тандап, тиркемени кайра иштетиңиз.