Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан бир нече алдамчылык фактысына шектүү жаран кармалды
2025-жылдын 7-февралында Аламүдүн РИИБге Ш.Ж. аттуу жаран кайрылып белгисиз адам ишенимине кирип, алдоо жолу менен жалпы суммасы 300 000 сомдук 15 тонна 220 кг арпасын алып, качып жүргөндүгүн билдирген.
Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБи Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган К.У. аттуу жаран экени такталып, ошондой эле ага карата ушул сыяктуу фактылар боюнча дагы башка арыздар бар экендиги аныкталып, К.У.га карата сот тарабынан сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, издөөгө алынган.
2025-жылдын 14-августунда Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам илктөө иштеринин жүрүшүндө К.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүнүн ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.
