Бишкекте курулуп жаткан жаңы Улуттук травматология жана ортопедия борбору быйыл пайдаланууга берилет
Президенттин Иш башкармасынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жаңы Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушунун жүрүшүн текшерди.
Борбордун курулушу президенттин демилгеси менен ишке ашырылууда.
Өткөн жылы долбоорду каржылоого Стабилизациялык фонддон тиешелүү каражат бөлүнгөн. Курулуш иштерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүргүзүп, көзөмөлдөөдө.
Жаңы борбор 450–500 койкага ылайыкталып, Борбордук Азиядагы мындай масштабдагы уникалдуу адистештирилген медициналык мекемелердин бири болот. Жарандарга медициналык жардам мамлекеттик кепилдиктердин алкагында акысыз көрсөтүлөт.
Курулуш иштери жогорку темпте жүрүүдө. 2025-жылдын апрель айынан тартып бетон жана кирпич иштеринин негизги көлөмү толугу менен аяктаган. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери, инженердик коммуникациялар жана бардык ички системаларды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Иштер үзгүлтүксүз уланууда.
Бейтаптар үчүн эки орундуу палаталар жана бардык зарыл шарттар каралган. Имаратка заманбап климаттык көзөмөл системалары жана таза аба берүү технологиясы орнотулат. Ошондой эле борбордун өзүнүн кычкылтек станциясы болот.
Батыш канаттын чатырында санитардык авиация үчүн тик учак аянтчасы курулат. Ал заманбап дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, кырсык болгон жерден бейтаптарды эки сааттын ичинде түздөн-түз борборго жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Комплекс жер төлө жана жети кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты болжол менен 35 миң чарчы метрди түзөт. Архитектуралык жактан имарат Ш-түрүндөгү композицияда жайгашкан үч корпустан турат: имараттын узундугу болжол менен 120 метр, туурасы 65 метрди түзөт. Бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн 12 лифт каралган.
Жер төлө бөлүгүндө 50 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай жайгашат. Мындан тышкары, имаратка жакын аймакта дагы 200гө жакын унаа токтотуучу жай каралган. Ошондой эле бейтаптар сейилдөө үчүн жашылдандырылып, көрктөндүрүлгөн парк зонасы түзүлөт.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Каныбек Туманбаев учурдагы иштердин жүрүшү менен таанышып, курулуштун сапатын камсыз кылуу жана долбоорду белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Курулуш аяктагандан кийин борбор өлкөнүн заманбап медициналык инфраструктурасынын негизги объектилеринин бирине айланып, калкка адистештирилген травматологиялык жана ортопедиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
