Баткендеги уникалдуу Мадыген аймагында геотуризмди өнүктүрүү пландалууда
Баткен облусунда уникалдуу жаратылыш аймагы Мадыгендин туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү пландалууда.
Иш сапардын алкагында аймакка Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов баштаган топ барды.
Катышуучулар Мадыгендин жаратылыш өзгөчөлүктөрү, геологиялык жана палеонтологиялык мурастары менен таанышышты.
Мадыген илимий жактан өзгөчө баалуулукка ээ. Анткени бул аймакта Жердин жүздөгөн миллион жылдык тарыхын чагылдырган далилдер сакталып калган. Бул жерден илимпоздордун кызыгуусун жараткан байыркы өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын калдыктары табылган.
Ошондой эле аймактын туристтик потенциалы жогору экени белгиленди. Бул жерде геотуризмди, экологиялык, илимий жана билим берүү туризмин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Эдуард Кубатов Мадыгенге алып баруучу жолду жакшыртуу менен катар туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, туристтик маршруттарды иштеп чыгып, аймакты зарыл инфраструктура менен камсыз кылуу сунушталууда.
Негизги милдеттердин бири — Мадыгендин уникалдуу жаратылыш жана илимий мурасын сактоо менен бирге анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, туристтер үчүн жагымдуулугун арттыруу.
Мадыген тоолору — Кыргызстандын түштүк-батышындагы, Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана скелеттери табылган. Айрыкча триас мезгилине таандык фаунасы илимпоздордун чоң кызыгуусун жаратып, аймакты дүйнөлүк палеонтологиялык изилдөөлөрдүн маанилүү борборлорунун бирине айландырган.
Кыскача айтканда, Мадыген — Кыргызстандын байыркы жаратылыш тарыхын изилдөөгө чоң мүмкүнчүлүк берген уникалдуу “табигый музей”.
