Бишкекте мектеп окуучусунун өлүмүнө байланыштуу шектүү кармалды
15 февраль

Бишкекте мектеп окуучусунун өлүмүнө байланыштуу шектүү кармалды

Бишкекте мектеп окуучусунун өлүмүнө байланыштуу шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, 21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында 8-класстын окуучусу А.А. катуу сабалып, эсин жоготкон. Ал ооруканага жеткирилип, 4-февралда каза болду. Тергөөдө 9-класстын окуучусу Т.И. акча талап кылуу боюнча чатактын негизинде А.Ага жаракат келтиргени аныкталды.

Учурда Т.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага 130-берене жана 208-берене боюнча кылмыш иши козголду.