Бишкекте апасын өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы бала кармалды
19 август

Бишкекте апасын өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы бала кармалды

Бишкекте апасын өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды. 

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери батирге кирген кезде бала ашканада маркумдун бутун кайнатып жаткан. 

Окуя Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде болгон. Жашоочулар үйдөгү жагымсыз жыттан улам милиция кызматкерлерин чакырышкан. Жерине келген ыкчам топ кароонун жүрүшүндө аялдын сөөгүн табышкан, анын денесине 10го жакын бычак сайылган.

24.kg агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарга таянып жазгандай, шектүү маркумдун өзүнүн баласы болгон. Шектүү психикалык жактан жабыркайт. 

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.