Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан топтошуп мушташууга шектүүлөр кармалды
2025-жылдын 17-август күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Р.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Гагарин жана Мурмонск көчөлөрүнүн кесилишинде Эржан аттуу бала дос балдары менен биргеликте, арыз ээсинин жана жашы жете элек 2008-жылы туулган Р.Э., 2010-жылы туулган Р.Э., аттуу бир тууган инилерин “дубинка, газ ачыкычы” менен уруп сабагандыгын билдирип, мыйзамдуу чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп башталган.
Тергөө-ыкчам иш чаларынын жүрүшүндө, 2002-жылы туулган К.Э., 2002-жылы туулган Ж.Н., 1992-жылы туулган М.Э., 2002-жылы туулган Ж.А., аттуу шектүүлөр кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ал эми, арыз ээсине карата ден-соолугуна келтирилген зыян боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Мындан тышкары, шектүү М.Э., аттуу автоунаасын текшерүү учурунда, пневматикалык курал жана шектүүгө тиешелүү прокурордун жардамчысынын жасалма күбөлүгү табылган.
Борбордук милиция эскертет:
Эгерде коомдук жайларда же көчөлөрдө атайылап коомдук тартипти бузуу, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүү, же болбосо топтолуп мушташуу өңдүү фактылар катталса, мындай аракеттерге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган жана 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Баарыңыздарды мыйзамдуулукту сактоого, коомдук тартипти урматтоого жана башкалардын коопсуздугуна коркунуч жаратпоого чакырабыз.
