Бишкектин бир бөлүгүндө 21-августта суу өчүрүлөт
19 август

Бишкектин бир бөлүгүндө 21-августта суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 21-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Өчүрүү району:
Горький- Ж. Пудовкин  - Ахунбаев - Койбагаров - Юнусалиев - Скрябин - Матросов - Медеров - Бектенов көчөлөрү менен чектешет.

Суу берүү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.