Ош облусу менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
13 август

Ош облусу менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды

КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Ли Минчэ менен жолугушту.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 13-августта өттү. Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай достук мамилелерин жана аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган пикир алмашышты.

Аманкан Кенжебаев башкы консулду кызматка дайындалышы менен куттуктап, консулдуктун ишмердүүлүгүнүн кайра жанданышын жогору баалады.

Ош облусу Кытай Эл Республикасынын бир катар аймактары менен көп жылдан бери достук жана боордоштук мамилелерди өнүктүрүп келе жатканы белгиленип, бул байланыштарды мындан ары да активдүү улантууга кызыкдар экендиги айтылды.

Ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.

Жолугушуунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча өз ара тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара түшүнүшүүгө, ишенимге жана достук мамилелерге негизделген кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.