Жактоочу: «75чилердин каты» иши боюнча прокуратура пробацияны түрмө жазасына алмаштырууну талап кылууда
13 август

Жактоочу: «75чилердин каты» иши боюнча прокуратура пробацияны түрмө жазасына алмаштырууну талап кылууда

Башкы прокуратура «75чилердин каты» иши боюнча айыпталуучуларга карата жазаны катаалдатып, пробациялык көзөмөлдү чыныгы эркинен ажыратуу жазасына алмаштырууну талап кылууда. Бул тууралуу 13-августта Бишкек шаардык сотунун отурумунун алдында Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, прокуратура биринчи инстанциядагы соттун актоо жана айыптоо бөлүктөрүнө даттанган.

Тактап айтканда, прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча актоо өкүмүнүн бөлүгүн жокко чыгарып, мыйзамда каралган жаза берүүнү өтүнүүдө.

Мындан тышкары, айыптоочу тарап бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча дайындалган жазаны өтө жумшак деп эсептеп, аны катаалдаштырууну талап кылууда.

Коргоо тарабы болсо соттолуучулардын толук күнөөсүз экенин айтып, Бишкек шаардык сотунан актоо өкүмүн чыгарууну өтүнүүдө.

Иш боюнча апелляциялык арызды кароо 13-августта Бишкек шаардык сотунда уланууда. Буга чейин адвокаттар прокуратуранын апелляциялык сунушу менен таанышып чыгышы үчүн сот отуруму кийинкиге жылдырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту иш боюнча өкүмдү 2-июлда чыгарган. Сегиз адам бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Алардын ар бирине мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган. Бирок ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонулган. Натыйжада соттолгондор жазасын өтөө үчүн абакка жөнөтүлгөн эмес.

Иш боюнча мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмилбек Узакбаев өтүүдө.

Буга чейин мамлекеттик айыптоо тарап соттолуучуларга тогуз жылдан эркинен ажыратуу жазасын берүүнү сураган. Өкүм чыккандан кийин актоону талап кылган коргоо тарабы да, Башкы прокуратура да апелляциялык даттануу берген.