сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
13 август
Өзбекстандан келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз артка кайтарылды
Өзбекстандан келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз «Кызыл-Кыя автожолу» фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экендиги аныкталды.
Карантин алдындагы продукцияны маркировкасыз алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу жүк импорттоочу өлкөгө кайра кайтарылды.
Департамент мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана карантиндик талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантууда.
