Баткен районунда дарыяга түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда 
Баткен ОИИБ
13 август

Баткен районунда дарыяга түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда 

Баткен районунда Кожешкен дарыясына түшүп кеткен 48 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда. 

Баткен облустук милициясынан кабарлашкандай, учурда издөө иштерине кошумча күчтөр тартылып, үч багытта, тактап айтканда, Зардалы, Жылуу-Суу-Таян жана Ак-Турпак айылынын багыты боюнча жүргүзүлүүдө.

Издөө иштерине катышкан кызматкерлерге Баткен РИИБдин жетекчилиги тарабынан тиешелүү нускамалар берилип, издөө иштери көзөмөлгө алынган.

Белгилей кетсек, кырсык 2026-жылдын 18-августунда катталган.