Ош шаарында дагы бир көчө жаңыланып, өзгөчө шаң менен пайдаланууга берилди
Ош мэриясы
13 август

Ош шаарында дагы бир көчө жаңыланып, өзгөчө шаң менен пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Мамыров жана Р. Абдыкадыров көчөлөрүн бириктирген С. Абдувалиев көчөсү толугу менен жаңыланып, 12-августта шаар тургундарынын пайдалануусуна берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Көп жылдан бери оңдолбой, жаан-чачындуу күндөрү суу топтолуп, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан көчө бүгүн заманбап жана көрктүү көрүнүшкө ээ болду.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында узундугу 1 чакырымга жакын болгон жол 12 метрге чейин кеңейтилди. Эки тилкелүү жолго жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөр жана лотоктор курулду. Алдыда көчөгө түнкү жарыктандыруу орнотулуп, жол жээктери жашылдандырылат.

Жаңыланган көчөнүн ачылыш аземи өзгөчө шаңдуу маанайда өтүп, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жергиликтүү тургундар активдүү катышып, жаңы жолду көрүп, түзүлгөн шарттарга кубанычтарын билдиришти. Өзгөчө гольф-карлардын катышуусундагы жүрүш шаардыктардын көңүлүн буруп, майрамдык маанай тартуулады.