Кудайберген Базарбаев Швейцария элчиси менен кызматташтык маселелерин талкуулады
КР Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту. Бул тууралуу мамагенттиктен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу, муниципалдык кызматтарды жакшыртуу жана тажрыйба алмашуу боюнча эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Кудайберген Базарбаев элчилик менен кызматташтыкты чыңдоонун маанисин белгилеп, швейцариялык долбоорлордун калкка социалдык жактан көрсөткөн таасирин жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын кеңейүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
Ошондой эле Швейцария элчилиги менен мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Оливье Бангертер да Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташууга даяр экенин айтып, жаңы багыттар боюнча да активдүү кызматташтыкты улантууга даярдыгын билдирди.
