5 сентябрь

Чолпон-Ата шаарында күзөт кызматкерлери чыр-чатактын алдын алып, эс-учун жоготкон аялга тез жардам көрсөтүштү

2026-жылдын 4-сентябрында болжол менен саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат өтөп жаткан ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери кафелердин биринин алдында жарандардын ортосунда чыр-чатак болуп жатканын байкашкан.

Чыр-чатактын күчөп кетишине жол бербөө максатында кызматкерлер окуя болгон жерге токтоосуз барышкан. Алар барган учурда болжол менен 40–45 жаштардагы аялдын эс-учун жоготуп, жерде жаткандыгы аныкталган.

Күзөт кызматкерлери тарабынан тез арада тез жардам кызматы чакырылып, аялга медициналык жардам көрсөтүлүшү камсыздалган. Ошондой эле чыр-чатакка катышкан жарандардын өздүктөрү такталып, окуянын жагдайларын аныктоо үчүн Чолпон-Ата шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу чакырылган.

Учурда аталган факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.