Пара талап кылуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын инспектору кармалды
Пара талап кылуу фактысы боюнча КР Эсептөө палатасынын инспектору кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аныкталгандай, 2025-жылдын май айында Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору «И.М.А.» Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландык текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыргандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен опузалап акча талап кылуу жолу менен 800 миң сом алган.
Өз кезегинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объектини куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчүлүктү ыйгаргандыгы үчүн подряддык компаниядан 10%дык сый акы түрүндө акча каражатын алышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Эсеп палатасынын кызматкери «И.М.А.» кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
