"Талас" аэропортунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү
ӨКМдин Талас шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан "Талас" аэропортунда өрт-тактикалык машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага №17 ӨККБнүн өздүк курамы, Талас ШИИБи, тез жардам тобу жана Талас аэропортунун кызматкерлери тартылды.
Машыгуунун жүрүшүндө катышуучуларга өрт коопсуздук эрежелери боюнча нускама өткөрүлүп, өрт болгондо атайын кызматтарды чакыруу, алгачкы өрт шаймандарын туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, машыгуу 2025-жылга коюлган иш мерчемдерине ылайык өткөрүлдү.
