Алтынбек Бектуров Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Бектуров Алтынбек Жунусович Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
