Бишкек шаарында каракчылыкка шектүүлөр кармалды
2025-жылдын 19-октябрь күнү «102» кызматына Бишкек шаарынын тери заводунун аймагында белгисиз жарандар бычак менен коркутуп, «iPhone XS» жана «Redmi Note» маркасындагы уюлдук телефондорду тартып алышканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207 (Каракчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү аныктап, кармашкан. Алар 2007-жылы туулган Ж.Б., 2009-жылы туулган А.Д., 2007-жылы туулган И.О., жана 2007-жылы туулган Т.М., аттуу жарандар экендиги такталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Жеке текшерүү маалында шектүүлөрдүн биринен эки бычак жана кылмыш жолу менен алынган бир уюлдук телефон табылган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө алардын Бишкек шаарынын аймагында ушундай мүнөздөгү башка кылмыштарга да тиешеси бар экени аныкталган.
