Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Индиянын элчиси менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов бүгүн, 19-августта, Индия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирет.
Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүү жана кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.
Бактыбек Бекболотов жана Бирендер Сингх Ядав ошондой эле аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.
