Салык кызматкерлери келип чыгышын тастыктаган документтери жок товарларды аныкташты
8 ноябрь

Салык кызматкерлери келип чыгышын тастыктаган документтери жок товарларды аныкташты

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө келип чыгышын тастыктаган баштапкы документтери жок уюлдук телефондор жана башка түзүлүштөр сакталган кампаны аныкташты.

Кампанын имаратын текшерүү учурунда баштапкы документтери жок 487 даана уюлдук телефон, 1 929 куту зымсыз гарнитура, 408 даана зым жана кабелдер, 9 даана планшет табылды.

Аталган товарлар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Учурда Салык кызматкерлери бул товарлардын келип чыгышын аныктоо боюнча иш алып барышууда, тактап айтканда, өлкө аймагына мыйзамсыз импорттоонун белгилери бар же жок экендигин текшерүүдө.