«Чакан ГЭС» ААК ГЭС-2 станциясында күч трансформаторун алмаштырат
Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн бир катар комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Бул милдеттерди ишке ашыруу максатында «Чакан ГЭС» ААК активдүү иш алып барууда.
Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында «Чакан ГЭС» ААКнын энергетиктери тарабынан төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
• бардык станциялардагы жабдуулар тепловизордук текшерүүдөн өттү;
• Быстровка ГЭСи, ГЭС-5, ГЭС-6 жана Кичи ГЭСтеринде гидроагрегаттардын тетиктери жана валдары көрүнүксүз жаракаларга дефектоскопиядан текшерүүдөн өттү;
• Быстровка ГЭСи, ГЭС-6 жана Кичи ГЭСтеринде гидроагрегаттар капиталдык оңдоодон өттү;
• «Чакан ГЭС» ААКнын бардык ГЭСтериндеги негизги жана көмөкчү жабдуулар кезектеги оңдоодон өттү: гидроагрегаттар, күч трансформаторлор, бөлүштүрүүчү түзмөктөр
Учурда «Чакан ГЭС» ААКда ГЭС-3 станциясынын вакуумдук өчүргүчтөрүн алмаштыруу жана монтаждоо иштери, ал эми ГЭС-2де күч трансформаторун алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бардык иштер белгиленген мөөнөттө графике ылайык аткарылууда.
Бул иш-чараларды өткөрүү жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, күз-кыш мезгилинде ГЭСтердин туруктуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзөт.
