Соттук-эксперттик кызмат жана антитеррордук борбор жаңы жабдуулар менен касыздалды
16 октябрь

Соттук-эксперттик кызмат жана антитеррордук борбор жаңы жабдуулар менен касыздалды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматында компьютердик-техникалык экспертизаларды заманбап деңгээлге алып чыгууга жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иликтөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк бере турган жаңы жабдуулар салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди.

Иш – чарага Юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу, КР МЮ караштуу СЭС төрагасы Талантбек Кожонов, БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррористтик борборунун директорунун орун басары Адыл Кадыралиев, ошондой эле “Европа Биримдигинин–БУУнун терроризм коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча куралы” долбоорунун жетекчиси Дмитрий Пономарев катышышты. 

Жабдуулар жана техникалык колдоо Европа Бирлиги тарабынан каржыланган жана БУУнун Антитеррордук башкармалыгы тарабынан ишке ашырылган “ЕС–БУУнун терроризм коркунучтарына каршы күрөшүү куралы” долбоору тарабынан берилген. 

“Изилдөө методдорун тынымсыз өркүндөтүүнүн жана жаңы технологияларды киргизүүнүн аркасында соттук-эксперттик кызмат өлкөнүн илимий-техникалык өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланууда”, – деп белгиледи юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу.

Жаңы жабдыктар жана программалар эксперттерге санариптик далилдерди натыйжалуу талдоого, иликтөөнү тездетүүгө жана эксперттик корутундулардын тактыгын жогорулатууга жардам берет.

Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору ЕС-БУУ куралынын колдоосу менен иштелип чыккан маанилүү инфраструктураны жана аялуу объектилерди коргоо боюнча онлайн платформаны колдонуу үчүн техникалык жабдууларды алды.

ЕС–БУУ куралын колдоо техниканы жеткирүү менен гана чектелбейт. Соттук-эксперттик кызматтын жана антитеррористтик борбордун эксперттери да эл аралык билимдерге, окутуу программаларына жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларга мүмкүнчүлүк алышты, бул санариптик криминалистиканы жана критикалык инфраструктураны коргоону жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.