ЖАМКнын мекемелеринде соттолгондорду эмгек менен камсыз кылуу иштери уланууда
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде соттолгондорду эмгек аркылуу тарбиялоо жана соттолгондорду туруктуу айлык акы төлөнүүчү жумуш орундары менен камсыз кылуу, ресоциализациянын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Бул максатты ишке ашыруунун алкагында, учурда ЖАМКнын мекемелеринде өндүрүштүк ишканалар ачылып, № 2 мекемесинде навайкана жана тигүү цехтери, № 8 мекемесинде курулуш кол кап, ширетүү жана навайкана цехтери толук кандуу ишке кирип, соттолгондор эмгек орундары менен камсыздалды. Андан тышкары № 19 мекемесинде тигүү жана эмерек жасоо цехтерин ачуу пландаштырылып, учурда даярдык иштери жүрүүдө.
Бул демилге соттолгондорду кесиптик көндүмдөргө үйрөтүп, аларды жазасын өтөп жаткан учурда коомдук пайдалуу эмгекке тартуу аркылуу реcоциализациялоого шарт түзөт. Эмгек менен алектенген соттолгондор жаңы адистерди өздөштүрүп, эркиндикке бошотулгандан кийин өз алдынча жумуш табууга жана коомго аралашууга мүмкүнчүлүк алышат.
ЖАМКнын бул долбоорунун башкы максаты, мекемелердеги соттолгондордун көбүн жумуш орду менен камсыз кылып, алардын кайра кылмыш жасоо коркунучун азайтуу жана мыйзамдуу жашоого тарбиялоо.
