Кыргызстан менен Кытай коомдук тартипти камсыздоо багытында кызматташууну күчөтүүдө.
19 август

Кыргызстан менен Кытай коомдук тартипти камсыздоо багытында кызматташууну күчөтүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 18-21-август күндөрү Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Хэнань провинциясынын Коомдук коопсуздук департаментинин делегациясы расмий иш сапары менен келип, делегацияны департаменттин орун басары Го Чжишэн жетектеп келди.

ИИМден кабарлашкандай, иш сапардын жүрүшүндө делегация Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар мындан ары да өз ара урматтоо жана ишеним негизинде натыйжалуу байланышты улантууга жана өнөктөштүк мамилени бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.