ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан «закладчик» кармалды
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында 1997-жылы туулган жаран К.Э.Э. мыйзамсыз түрдө тыюу салынган заттарды жайылтууга шектелип кармалган.
Кармалган жаранды жеке кароо жана анын автоунаасын текшерүү учурунда көзөмөлгө алынган каннабиске мүнөздүү жыты бар зат, 12 даана түйүнчөктөр табылып, алынган.
Андан ары жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында шектүү мурда жашырып кеткен жайларды көрсөтүп берген. Көрсөтүлгөн жерлерден кошумча 4 даана түйүнчөктөр табылып, алынган.
Мындан тышкары, шектүүнүн жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүүдө 79 даана түйүнчөктөр табылып, алынган.
Жаран К.Э.Э. кармалып, Бишкек шаарынын тергөө камак жайына киргизилген.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Алынган бардык заттар экспертизага жөнөтүлдү.
