Чоң-Арыкта 21-августта ичүүчү суу өчүрүлөт
Чоң-Арыкта 21-августта саат 10:00дөн 17:00гө чейин суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү аймагы: Чоң-Арык айылы Чодуронов жана Береговая көчөлөрү.
Суу берүү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
