Баткен облусу менен ЮНИСЕФтин кызматташуусунун жаңы багыттары талкууланды
КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин жетекчисинин орун басары Ана Даутович менен жолукту.
Алгач Жаныбек Исаков ЮНИСЕФ уюмуна буга чейинки колдоолору үчүн ыраазычылык билдирип, облустун билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлор, социалдык көйгөйлөрдү жеңилдетүүгө зор өбөлгө болгонун белгиледи.
Тараптар алдыда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыптандырууга көңүл буруу, атайын борборлорду ачуу, мугалимдердин билимин жогорулатуу багытында да кызматташууну макулдашты.
