Кыргызстанда эмгек укуктары боюнча акысыз 1229 кыска номурлуу ишеним телефону иштейт
15 июль

Кыргызстанда эмгек укуктары боюнча акысыз 1229 кыска номурлуу ишеним телефону иштейт

Кызматкерлер көп учурда өз укуктарынын бузулганына туш болушат, бирок кайда кайрылууну биле беришпейт. Ушундай кырдаалдарда жардам берүү үчүн Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы 1229 кыска номери ишке киргизген.

Бул байланыш аркылуу жарандар эмгек укуктары боюнча акысыз юридикалык кеңештерди ала алышат.

1229 – бул кыска жана ыңгайлуу байланыш номери, анын жардамы менен эмгек мамилелерине байланышкан маселелер боюнча квалификациялуу адистерден кеңеш алууга болот.

1229 номерине чалганда, кеңешти эмгек мыйзамдары боюнча тажрыйбалуу адистер – укуктук эмгек инспекторлор. Алар сиздин кырдаалды түшүнүп, мыйзамдуу жолдорду сунушташат.

Көптөгөн кызматкерлер, айрыкча жаштар жана жеке сектордо иштегендер, укуктарын билбегендиктен же корккондуктан үн катпай келишет. Ал эми 1229 кыска номери ар бир жаранга жеткиликтүү жана акысыз укуктук жардам алууга мүмкүнчүлүк берет.

1229 номерине мобилдик же стационардык телефон аркылуу чалууга болот. Чалуулар жумуш күндөрү 9:00 – 18:00 кабыл алынат. Кеңештер кыргыз жана орус тилдеринде берилет.

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы бардык кызматкерлерди өз укуктарын билүүгө жана коргоого чакырат.

Эгер сиздин эмгек укуктарыңыз бузулса –1229 номерине чалыңыз. Эмгек укугу – ар бир жарандын укугу!