Кыргызстанда жол белгилерин жаңылоо иштери уланууда
Кыргызстандын жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана тарабынан жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 7227 жол белгиси чыгарылды.
Мындан тышкары, жолчулар тарабынан жол сызыктарын чийүү, аялдамаларды актоо сыңдуу жалпы жол тейлөө иштери жигердүү жүрүп жатат.
