Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатат
10 март

Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатат

Бишкекте "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол кемчиликтерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Мэриянын маалыматына караганда, чуңкурларды оңдоо иштери Васильевский тракт көчөсү Аска-Таш комплексинен Манас аэропортуна чейин түштүк тарабынан жүргүзүлгөн.

Бүгүн, 2025-жылдын 10-мартына карата адистер жолдун түндүк тарабындагы кемчиликтерди жаап жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейинки иштер Жибек-Жолу проспектиси боюнча Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейин, Фучик көчөсүнүн Аска-Таш комплексинен Чүй проспектисине чейин, Манас проспектисинин мамлекеттик резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин жүргүзүлгөн.