Министр Жээнбек Кулубаев Индиянын элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды
2025-жылдын 1-декабрында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу Стратегиялык өнөктөштүктүн туруктуу жана өнүгүп келе жаткан мүнөзүн баса белгилешти.
Тагыраагы, министр Ж.Кулубаев быйылкы жылдын 17-ноябрында өз ара түшүнүшүү жөнүндө эки меморандумдун кол коюлушун канааттануу менен белгиледи. Жалпы дарыгердик практика борборунда жана М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бул документтер практикалык эки тараптуу кызматташуунун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.
Өз кезегинде элчи Б.С.Ядав кыргыз тарапты 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоонун ийгиликтүү уюштурулушу менен, ошондой эле Бишкекте өтүп жаткан ири эл аралык иш-чаралар менен куттуктады. Мындан тышкары, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогорку баа берилди.
Тараптар ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, бул багытта 2025-жылдын 5–6-июнунда Нью-Делиде өткөн “Борбордук Азия – Индия” Диалогу министрлеринин 4-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды өзгөчө белшилешти.
Мындан сырткары, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштурууга байланыштуу пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар достук мамиледеги кыргыз-индия алакаларын мындан ары да ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
