Кырчындагы «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасынын расмий маданий программасы 5-сентябрда жыйынтыкталат
5-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасынын расмий маданий программасы жыйынтыкталат.
Маданий программанын аякташына байланыштуу 6-сентябрда этношаарчада санитардык күн жарыяланат. Бул күнү санитардык жана техникалык зарыл иштерди жүргүзүү үчүн аймак келүүчүлөр үчүн жабык болот.
7-сентябрдан 10-сентябрга чейин этношаарча кайрадан келүүчүлөр үчүн ачылып, ишин улантат.
Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна каттаган акысыз шаттл-автобустар 5-сентябрды кошо алганда каттамдарын улантат.
7-сентябрдан тартып акысыз шаттл-автобустар каттабайт. Бул күндөрү келүүчүлөр этношаарчага жеке транспорт каражаттары менен өз алдынча бара алышат.
