Кыргызстанда акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды
10 март

Кыргызстанда акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 3;
  • Чүй облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 3.

Куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.